Ош облусунун ыкчам бажы кызматынын кызматкерлери «Камаз» маркасындагы унааны токтотуп, мыйзамсыз киргизилип бара жаткан товарды аныкташкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Автоунаанын жүк салуучу бөлүгүн текшерүү маалында анын ичинде салмагы 7 миң килограммды түзгөн «ак күрүч» табылган, аталган товар ЕАЭБ мыйзам чыгаруусун бузуу менен коңшу мамлекеттен киргизилип келе жаткан.
Кармалган товардын баасы 735 миң сомду түзгөндүгү айтылууда.
Аталган факты бирдиктүү кылмыштар жана жоруктар реестрине катталган. Чогултулган материалдыр тергөө органдарына өткөрүлгөн.