«Тазалык» ишканасы таштанды үчүн 600 контейнер сатып алды

25.01.2024, 10:50 Акчабар
«Тазалык» ишканасы таштанды үчүн 600 контейнер сатып алды

“Тазалык” муниципалдык ишканасы таштанды үчүн 600 контейнер сатып алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. 

Анын айтымында, борбор калаанын көркүн жана таштандыларды чыгаруунун сапатын жакшыртуу үчүн 400 желим жана 200 темир идиш алынган.

“Контейнерлер катуу таштандылар үчүн гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн да орнотулат, анткени таштандыларды тиешелүү эмес жайларга таштоо фактылары көбүнчө чарбалык субъектилер тарабынан кездешет”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилеп кетсек, Бишкек шаардык мэриясына контейнерлердин санын көбөйтүү милдети жүктөлгөн. Ошентип, 2023-жылы 530 контейнер сатылып алынган.

Тэги: Тазалык ишканасы таштанды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу