ТИМ Алматыдагы базарда иштеген кыргызстандыктардын көйгөйүн чечүүдө

15.02.2024, 14:35 Акчабар
ТИМ Алматыдагы базарда иштеген кыргызстандыктардын көйгөйүн чечүүдө

Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы базарда иштеген кыргызстандыктардын көйгөйүн чечүүдө. Министрликтен кабарлашкандай, Башкы консулдук кыргызстандык ишкерлерден түшкөн кайрылууларга чара көрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Буга чейин парламентте Кыргызстандын ондогон жарандарынын жүк салынган контейнерлери тартып алынып жатканы кабарланган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигине жана Алматы облусунун Карасай райондук ички иштер бөлүмүнө нота жөнөтүлдү. Жакынкы күндөрү соода борборунун жетекчилиги менен жолугушуу пландалууда.

Мындан тышкары, кайрылгандарга юридикалык жардам көрсөтүлүп, адвокат жалдоо боюнча сунуштар берилди.

Тэги: Тышкы иштер министрлиги Алматы ишкер укук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу