КР ТИМ Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

11.06.2020, 09:30 Акчабар
КР ТИМ Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 10-июнда КР Тышкы иштер министрлигинде КР ТИМ Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, жыйынга КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана министрликтин кызматкерлери катышты. Жыйында Ишенгүл Болжурова төрагалык кылды.

Жыйын 2010-жылы июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүү менен башталды.

Министр Ч.Айдарбеков ТИМдин COVID-19 пандемиясына байланышкан өзгөчө кырдаал шарттарында аткарган иши тууралуу Коомдук кеңештин мүчөлөрүн кенен тааныштырды.

Атап айтканда, КР ТИМ жана КР чет өлкөлөрдөгү мекемелери биргеликте өлкөбүздү жеке коргонуу каражаттары, зарыл медикаменттер менен камсыздоо боюнча гуманитардык жана техникалык жардамды тартуу иштерин мобилизациялады. 2020-жылдын 20-майына карата лабораториялык тесттер үчүн 215 миң тест-системалар жана 3 миңден ашуун реагенттер, 1,15 млн бир жолку беткаптар, 140 миңден ашуун фильтрлүү көп жолку респиратордук беткаптар, 85 миң коргонуучу комбинезондор, 734 миң медициналык колкаптар, антисептик жана санитайзер түрүндөгү 28 миң литр дезинфекциялоочу каражаттар тартылган.

Экспресс-тесттер, ПЦР тесттер жана аларга реагенттер түрүндөгү гумжардамдын алгачкы маанилүү партиялары Россиядан, Кытайдан, Кореядан, Беларустан, Түркиядан келген. Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтү 500 000 евро өлчөмүндө финансылык жардам пакетин көрсөттү. Гуманитардык жардам ошондой эле АКШдан, Өзбекстандан, Казакстандан, Япониядан, Швейцариядан, Ирандан, БАЭден берилди.

Министр ошондой эле чекаралар жабылган, каттамдар токтотулган шарттарда КР жарандарын чет өлкөлөрдөн алып келүү боюнча дипломаттардын аткарган ишин белгиледи. Атап айтканда, бул кыйынчылыктарга карабастан, ушул жылдын февраль айынын башталышынан тартып 9 июнга чейинки аралыкта 40 чет өлкөдөн 13 304 КР жараны алынып келинген.

Жыйындын жүрүшүндө Коомдук кеңештин мүчөлөрү ТИМ менен КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин коронавирус пандемиясы мезгилинде мындан ары эффективдүү өз ара аракеттенүүсү боюнча сунуштарды беришти.

Тэги: КР ТИМ Коомдук кеңеш жыйын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу