6-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 652,4 млн кубометрди түздү.
“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалыматы боюнча, суунун агып кириши секундуна 152 кубометр, суунун агымы секундасына 702 кубометрди түзүүдө.
Былтыр бул күнү суунун көлөмү 7 млрд 998,71 млн кубометрди түзгөн.
Буга чейин Энергетика министрлиги өлкөдө электр энергиясын колдонууга чектөө киргизиле турганын билдирген.