Коронавирус: Таласта товар тартыш

14.04.2020, 11:00 Акчабар
Коронавирус: Таласта товар тартыш

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын аягы сууй элек. Ушул тапта Таластан башка аймактардын баарында вирусту жуктургандар катталып, айрым жерлерде алардын саны күн санап өсүүдө. Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тарта курчанып баштаган Талас облусундагы бүгүнкү абал тууралуу кыскача макала сунуштайбыз.
 

Коронавируска байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден көп өтпөй төрт район, бир шаардан турган Талас облусу айыл-айылдан тарта ар бир районго блок-постторду орнотуп, элдин кыймылын чектөөгө алган. Жергиликтүү активисттер өз демилгелери менен жер-жерлерди кыдырып, мекеме-уюмдарды дезинфекциялап чыккан. Ал арада жеке ишкерлер каражат топтоп беткап тигип, элге акысыз таркатып беришкен.
 

Сүрөт Рамис Рыскуловдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Таласка кире бериштеги Талды-Булак постуна камера орнотулуп, кирген-чыккандарды милиция кызматкерлери күнү-түнү көзөмөл кылууга милдеттендирилген. Ага ылайык, жашаган жери Таласта катталбагандар облуска кире албайт. Пропискасы Таластагы тургундар кан тапшырып, анализи таза чыккан соң гана киргизилет. Ошондой эле жүргүнчүлөр үчүн дезинфекциялоочу жабдуу орнотулган.
 

Сүрөт Адылбек Жусупбековдун "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды 

Жергиликтүү тургундардын зарыл иши болбосо бир айылдан экинчи айылга чыгууга дээрлик болбойт. Аймакка өзгөчө абал режими киргизилбесе да дары-дармек, азык-түлүк, тамак-аш саткандардан башка бир дагы соода-сатык жайлары иштебейт.

Ал арада аймакта өсүмдүк майы, кумшекер, макарон азыктары, сүт, жумуртка күрүч, эт өңдүү социалдык мааниге тамак-аштын баасы күн санап өсүп жатканы белгилүү болду. Ун болсо соңку эки-үч күндөн бери такыр эле тартыш экен. “Жетиген” районундагы ун базар да каалгасын эчак жапкан.

 Таластагы ун базар

 

«Ун дефицит. Талас боюнча ун бир-эки жерде эле сатылып жатат. Жогорку сорттогу ун эки миң сомдон ашык. Биринчи сорт 1800 сомдун тегерегинде экен. Пенсиянын көзүн караган мен сыяктуулардын акчасы унга эле кетип жатат», — деп кейиди Талас районунун тургуну Туратбек Назаров.
 

Жергиликтүү тургундун сөзүн борбордук базарда 12 жылдан бери азык-түлүк сатып оокат кылган Жамийла Тарпаева (аты-жөнү өзгөртүлдү) мынтип кубаттады:

«Ооба, тамак-аш кымбаттап жатат. Себеби товар келбей жатат. Кампадагы запаз болсо күнүнө азайууда»

Анткен менен Монополиягы каршы орган товардын 11 түрүнө бааны максималдуу чектеп, кымбаттаткандарга чара көрүлүп жатканын айтууда.

Казакстандын Жамбыл облусу менен чектешкен Талас облусу курулуш материалдары менен кошо азык-түлүктү да негизинен Тараздан ташыйт. Баанын кымбатташын аймактагы айрым серепчилер пандемиянын айынан чегаралардын жабылганы менен байланыштырса, атын атагысы келбеген мамлекеттик кызматкер казак тарап 22-марттан тарта төмөнкү азыктарды Таласка сатууга такыр эле чек койгондугун билдирди:

1. гречка
2. буудай уну
3. кумшекер
4. картошка
5. сабиз, кызылча
6. пияз
7. капуста
8. күн карама майы

Ал эми облус жетекчиси Марат Мураталиев аймакта күнүмдүк оокат-аш жетиштүү экенин белгилеп, кабатырланууга негиз жок деп ишендирүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды 

«Биздин өкмөт башчыбыз казак тараптын өкмөт башчысы менен сүйлөшүп, азыр ай сайын казак тарап кыргызстанга 22 миң тонна ун киргизип туруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биз учурда таласка келе турган 500 тоннага жакын унду күтүп жатабыз. Бишкектеги ун заводдордон да ун келет. Аны магазиндерге таркатып, толтурганга аракет кылабыз. Суюк май башка продуктулар жетиштүү.»

 

Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Айжамал Шамбетова билдиргендей, Таластагы обсервацияда азыр 23 адам жатат. Алар негизинен Талды-Булак посту аркылуу аймакка кирип, экспресс-тестти шек жараткандар. Дүйнөдө COVID-19 инфекциясы жайыла баштагандан тарта Таласта жалпысынан 1515 киши обсервацияга жаткырылган. Алардын ичинен 1016 кишинин анализи таза чыккан. Муну менен Таласта коронавирус чыккан бир да адам каттала элек.

Тэги: Талас товар азык-түлүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу