2018-жылы кыргыз-өзбек товарайлантуу $336.5 млн жана 2017-жылга салыштырсак, 8.6% жогорулаган. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады.
Ведомстванын маалыматына таянсак, экспорт $158.5 млн жогорулап –өсүү 8.3% жеткен. Импорт $178.0 млн жогорулап – өсүү 8.8% болгон.
Кыргызстан менен Өзбекстандын товарайлантуудагы көлөмү 5.0%, анын ичинде экспортто – 9.0%, импортт – 3.6%.
Айтмакчы, жакында экономика министри Олег Панкратов КР Өзбекстандын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Комил Рашидов менен экономикалык алака боюнча сүйлөштү. Жолугушуу маалында эки тарап кызматташуу, 2019-жылга пландаштырылган мамлекеттер аралык иш-чаралар тууралуу талкуулашты. Мындан тышкары эки тараптуу кызматташуулар боюнча жасалган визиттердин жыйынтыгындагы долбоорлорду ишке ашыруу дагы каралды.