Январь-октябрь айларында Россия менен Тажикстандын товар жүгүртүүсү 1 млрд долларга жеткен. Бул тууралуу Тажикстандын каржы министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы Тажикстандын башкы соода өнөктөшү болуп Россия эсептелинет.
Экинчи орунда Казакстан: 2019-жылы 10 айда Тажикстан кошуна мамлекеттер менен 714.4 млн долларга соода жүргүзгөн. Кытай мамлекети менен 526.2 млн долларга соода жүргүзгөн.