Түркиядагы зилзаладан келтирилген зыян 100 млрд доллардан ашты — БУУ

10.03.2023, 11:30 Акчабар
Түркиядагы зилзаладан келтирилген зыян 100 млрд доллардан ашты — БУУ

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы Түркиядагы жер титирөөдөн келтирилген зыянды 100 миллиард доллардан ашык деп баалады. Бул тууралуу NHK World Japan жазды. 

Февраль айындагы жер титирөөлөрдөн Түркияга келтирилген зыян 100 миллиард доллардан ашат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Түркиядагы расмий өкүлү Луиза Винтон брифингде тастыктады. 

Винтон Түркиянын эң катуу жабыркаган Хатай провинциясындагы кырдаалды "кыямат" деп атап, жүз миңдеген үйлөр кыйрап калганын, муктаждыктар чоң, бирок ресурстар жетишсиз экенин кошумчалады. 

Эске салсак, 6-февралда болгон күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө жана андан кийинки силкинүүлөр Түркияда 46 миңдей, Сирияда 6 миңдей адамдын өмүрүн алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын өкүлдөрү 16-мартта Брюсселде өтө турган донорлордун эл аралык конференциясында кошумча каржылык жардам сурамакчы. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу