Трой унциясын (31 грамм) сатып алуунун баасы 22-июлга карата 158 миң 322 сомду түздү. Күндүн ичинде куймалардын баасы 22,7 долларга же 1% га төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Ошентип, 1 грамм салмактагы куймалар 6 миң 389 сомдон, 2 грамм 11 миң 676 сомдон, 5 грамм 27 миң 884 сомдон сатылууда.
100 граммдык куймалардын баасы 498 миң 731 сомду түздү. Бир күндө баа 6 миң 176 сомго арзандады.