Тажикстанда 9 ай ичинде 411 миң жаран мигрант болуп кетишкен

29.10.2019, 15:45 Акчабар
Тажикстанда 9 ай ичинде 411 миң жаран мигрант болуп кетишкен

2019-жылдын 9 ай ичинде Тажикстандын 411 миң жараны мигрант болуп кетишкен. Бул тууралуу Asia Plus порталы билдирет. 

Эмгек миграциясына кеткен жарандардын саны январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен, өткөн жылга салыштырмалуу 26% өскөн. 

Миграциядан келген жарандардын саны республика боюнча 9 ай ичинде 280 миңди түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10% аз дегенди билдирет. 

Тажикстан элинин массалык түрдө, т.а. 90 миң жарандын  жумуш издеп чет жерге кетүүсү ушул жылдын апрель  айында катталган. 

Эмгек мигранттардын өскөнүнө карабастан, өлкөгө жиберилген каражаттын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу быйыл азайган. 

 

Тэги: Таджикистан трудовая миграция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу