«Тулпар» льготтук картасы 10 миң пенсионерге берилди

25.02.2020, 16:00 Акчабар
«Тулпар» льготтук картасы 10 миң пенсионерге берилди

«Коомдук транспорттогу электрондук билеттештирүү» долбоорунун алкагында 10 миң пенсионер «Тулпар» льготтук карталарын алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Борбор калаада пенсионерлер үчүн «Тулпар» льготтук карталарын берүү маселеси боюнча жумушчу жыйын болуп өттү.

Карталарды берүү процессин ылдамдатуу маселесин талкуулоого вице-мэр Татьяна Кузнецова, КР Социалдык фондунун кызматкерлери, шаардык профилдик кызматтарынын өкүлдөрү,  мэриянын структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана автобустар менен троллейбустарда электрондук билеттештирүүнү киргизип жаткан швейцариялык BPC ишканасынын өкүлдөрү катышты.

ВРС ишканасынын өкүлү Самат Базарбаев жакынкы арада пенсионерлерге льготтук карталарды берген дагы сегиз пункт ачыла тургандыгын белгиледи.

Вице-мэр Татьяна Кузнецова шаар боюнча борборлордун санын көбөйтүп, операторлордун ишин жөнгө салууну тапшырды.

Эске сала кетсек, бул жумда пенсионерлер үчүн льготтук картаны алуу процесси жеңилдетилген, эми алардын паспорту жана пенсиондук күбөлүгү менен карта берүүчү борборго келүүсү гана жетиштүү. Алар атайын мөөр бастыруу үчүн Социалдык фондго баруусу зарыл эместиги айтылууда.

Ошондой эле белгилүү болгондой, 1-марттан тарта кызыл карталарын али ала элек пенсионерлер пенсиондук күбөлүгүн  көрсөтүү менен коомдук транспортто акысыз жүрө алат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу