"РСК Банк" ААКтын Директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Банктын акционерлеринин 29-марттагы жалпы чогулушунун чечими менен директорлор кеңешинин мүчөсү Чолпон Мажитованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Башка чечим менен Турарбек Масыбаев төрт жылдык мөөнөткө директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.