Туризмдин өнүгүүсү ар бирибизден көз каранды

20.05.2019, 17:09 Акчабар
Туризмдин өнүгүүсү ар бирибизден көз каранды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык туристтик жарманкенин ачылышына катышты.

Вице-премьер-министр туристтик компаниялардын, пансионаттардын, эс алуу борборлорунун, элдик чеберлердин жана жеке ишкерлердин катышуусундагы жарманкени ачып жатып республикада туризмдин өнүгүшү анын ар бир жашоочусунан көз каранды экендигин белгиледи.

«Дүйнөлүк туристтик уюмдун маалыматы боюнча өткөн жылы туристтердин жалпы дүйнөлүк агымы 1,4 млрд адам болгон. Туризмден түшкөн киреше дүйнөлүк ИДПдан 10% жетти. Европа биримдигинин кээ бир өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 11% жетет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээли жана инфратүзүм сапаты канчалык жогору болсо, туристтер ошончолук көп болуп, кайра дагы келип турушат. Бул принцип бардык өлкөлөр үчүн бирдей. Бизде адам буту баспаган жерлер бар. Көпчүлүк туристтерди жергиликтүү жаратылыш, тоонун абасы жана экологиялык таза өндүрүмдөр кызыктырат»,- деди ал.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эскерткендей, туристтик тармакты өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири.

«Бул үчүн 2023-жылга чейин туризмди өнүктүрүү Программасы кабыл алынып,  «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Жыл сайын туристтик инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган иш-чаралар өткөрүлөт. Туристтик картаны киргизүү тутуму (International Travel ID) пилоттук режимде иштеп баштады. Анын максаты – сапаттуу туристтик кызмат көрсөтүү жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо болуп саналат», – деп билдирди ал.

Андан соң Алтынай Өмүрбекова 2019-жылдагы туристтик сезонго даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө туризм тармагындагы кыйла актуалдуу маселелер козголду. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча аларды чечүү, анын ичинде Ысык-Көл облусунда жол боюндагы туристтик сервисти ыкчам ишке киргизүү жана өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Вице-премьер-министр туристтик бизнес түзүмдөрүн, РСК Банк, Айыл Банк сыяктуу коммерциялык банктарды жана Россия-

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу