Wikipediaнын негиздөөчүсү Жимми Уэйлс жаңы WT: Social аталыштагы социалдык баракча ачты. Бул жаңы социалдык тармак эч кандай жарнамаларды чыгарбайт. Бирок, Facebook жана Twitter өңдүү ири социалдык тармактарга атаандаш боло алат. Бул тууралуу Forbes жазат.
WT: Social Wikipediада негизделген жана анын эсебинен ишке ашырылат.
Тармак ушул жылдын октябрь айынан тарта иштей баштаган, учурда колдонуучулардын саны 50 миңге жеткен. Негиздөөчү Уэйлс 50-500 млн колдонуучуга чейин жеткирүүнү көздөйт. Лентадагы темалар саясаттан баштап, технология жана бал өндүрүүгө чейин жүргүзүлөт. Ошол эле убакта Facebook жана Twitter сыяктуу көп лайк топтогон жана пикир жараткан билдирүүлөр лентанын жогору жагынан орун алат.
WT: Social колдонуучулары Facebook колдонгон сыяктуу эле, жаңылыктар менен бөлүшүп, талкуу жүргүзө алышат.