Быйыл жарым жылда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бюджеттен 2 млрд 145 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мында маданий иш-чараларды даярдоого, өткөрүүгө жана катышууга 49 млн сом бөлүнгөн.
“Ошондой эле, дене тарбия департаментинин чыгымдары 896,3 млн сомду түзгөн, анын ичинен 250 млн сому спортчулардын календардык планга киргизилген спорттук иш-чараларга катышуусуна жумшалган”, - деп айтылат маалыматта.