Алтын рудасын жана алтын концентратын өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу 2024-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды. Мындай өзгөртүүлөр 2022-жылдын 26-октябрындагы №358 “Кыргыз Республикасынан алтын рудасын жана алтын концентратын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” Жарлыкка киргизилди.
Эске салсак, 2023-жылдын 1-майынан тартып алтын рудасын жана концентратын экспорттоого тыюу салынган. Кийинчерээк экспортко тыюу салууну 2023-жылдын 31-декабрына чейин жылдыруу үчүн өзгөртүүлөр киргизилген. Экинчи түзөтүүлөр менен тыюу дагы бир жолу, 2024-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды.
Кошумчалай кетсек, алтын рудасын жана алтын концентратын экспорттоого тыюу салуу боюнча жарлыкка Кыргызстан кенди кайра иштетип, өзү байытууну пландагандыктан кол коюлган. 2022-жылдын сентябрь айында “Кара-Балта тоо-кен комбинаты” ААК кайра иштетүүнү улантып, 2023-жылдын март айында завод толук кубаттуулукта ишке кириши керек болчу.
Бирок ишкана кайра иштетүү кубаттуулугун ишке киргизе элек, ошондуктан экспортко тыюу салуу экинчи жолу жылдырылууга аргасыз болду.