5-мартта Улуттук Банк «Айыл чарбасын каржылоо— 8» долбоор алкагында коммерциялык банктарды каржылоо максатында аукцион өткөрөт. Бул тууралуу республиканын башкы регулятору билдирди.
Маалыматка ылайык, аукционго 2 млрд сом коюлат. Коммерциялык банктарга 20 млн сомдон тарта 450 млн сомго чейин жылына 5 пайыздык чен менен берилет.
Алынган каражаттарды банктар «Айыл чарбасын каржылоо— 8»программасынын негизинде 10% чен менен дыйкандарга жана фермерлерге насыя катары берет.