Улуттук банктын кирешеси 10 млрд сомго чамалады

27.11.2023, 16:20 Акчабар
Улуттук банктын кирешеси 10 млрд сомго чамалады

Улуттук банктын 2023-жылдын он айындагы кирешеси 9 млрд 875,4 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын баяндамасында айтылат. 

Мында 2022-жылдын 31-октябрына карата Улуттук банктын кирешеси 8 млрд 105,6 млн сомду түздү. Алсак, бир жыл ичинде 1 млрд 769,8 млн сомго өскөн.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын капиталы октябрдын аягында 62 млрд 824,8 млн сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 56,33%га көп. Өсүш ошондой эле милдеттүү резервдердин 1 млрд сомго көбөйүшү, ошондой эле чет өлкө валютасын жана алтынды кайра баалоо боюнча резервдерди дээрлик 20 млрд сомго көбөйтүү менен камсыз кылынды.

Эске сала кетсек, тогуз айда өлкөнүн Улуттук банкы мамлекеттик бюджетке 9 млрд 168,2 млн сом киреше которгон. 

Тэги: Акча киреше капитал КР Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу