Январь-октябрь айларында президенттик аппараттын чыгашасы 1 миллиард 212 миллион 319,2 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен маалым болду.
Анын дээрлик жарымы – 589 млн 364,6 миң сому эмгек акы төлөөгө бөлүнсө, дагы 167 млн 644,2 миң сому административдик башкармалыктын карамагындагы имараттар жана курулуштар үчүн жумшалды.
Мындан тышкары, чыгашалардын негизги бөлүгү башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу – 96 млн 52,4 миң сом, Социалдык фондго чегерүү – 82 млн 703 миң сом жана коммуналдык кызматтарга төлөмдөр – 67 млн 214,2 миң сом болду.