2022-жылы “Айыл Банктын” уставдык капиталы 100 млн долларга жеткирилет

13.01.2022, 15:03 Акчабар
2022-жылы “Айыл Банктын” уставдык капиталы 100 млн долларга жеткирилет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Айыл банк” ачык акционердик коомун өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысына учурдагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана финансы мекемесин өнүктүрүү келечеги тууралуу маалымат берилди, айыл чарба секторун 200 млрд сомго дейре насыялоо боюнча банкты 2026-жылга чейин өнүктүрүү планы сунушталды.

“Айыл банк” агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш.  Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр төмөнкү үстөктүү жеткиликтүү кредиттер менен камсыздалышы керек. Биз агрардык сектордун кластерлеринин динамикалык өнүгүүсүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыздообуз зарыл”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Кеңешмеде финансы мекемесин капиталдаштыруу, чет жерде иштеген мекендештердин салымын тартуу боюнча банк продуктуларын ишке киргизүү маселелери талкууланды. Министрлер Кабинетинин башчысынын тапшырмасына ылайык, 2022-жылы уставдык капиталды 100 млн долларга чейин жеткирүү пландалууда.

Эске салсак, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын активдери 41 млрд сомдон ашуун сумманы түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 10 млрдга көп. 2021-жылы министрлер кабинети банкты 2,5 млрд сомго капиталдаштыруу чечимин кабыл алган. Банктын уставдык капиталы 2021-жылдын аягында 5,5 млрд сомду түздү.

Тэги: Айыл Банк Кыргызстан банки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу