Өзбекстан 2019-жылдын январь-ноябрь айында 4.4 млрд $ алтын экспорттогон. Бул тууралуу Upl24 порталы жазып чыкты.
Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2.8 эсеге көп болгон. Муну менен катар, алтын жалпы экспорттолгон товарлардын ичинен 27.3% түзгөн.
Белгилей кетсек, Өзбекстанда алтын экспортунун көлөмү өсүүдө. Мисалы, 2015-жылы өлкө 823.9 млн $ алтын экспорттогон.