Өзбекстан Кыргызстанда автозаводун ачууну пландоодо

22.07.2022, 17:42 Акчабар
Өзбекстан Кыргызстанда автозаводун ачууну пландоодо

Өзбекстан Кыргызстанда унаа жыйноочу завод ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ташкентке болгон иш сапары учурунда Podrobno.uz сайтына билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жетишилген келишимге ылайык, завод Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашат.

"Азыр Өзбекстандын автоунааларын Кыргызстанда чогултуу долбоору каралып жатат. Кеп ишканага салык салуу жана ага жеңилдиктерди берүү жөнүндө болуп жатат. Биз ЕАЭБге мүчө болгонубузга байланыштуу бул процесс бир аз татаалдашат, анткени биз уюмдун башка өлкөлөрү менен макулдашып алышыбыз керек”, - деди Данияр Амангелдиев.

Заводдун ишке кирүү мөөнөтү азырынча так белгисиз.

Басылма белгилегендей, буга чейин "Узавтосаноаттын" өкүлдөрү Кыргызстанды өндүрүштү кеңейтүү үчүн артыкчылыктуу рыноктордун бири деп аташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстанда чогултулган биринчи модель Nexia R3 болот.

Тэги: автомобиль Данияр Амангельдиев производство автомобилей авто из Узбекистана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу