2019-жылдын I-кварталында Өзбекстандын аманатчылары 8.1% өсүп, алардын салган каражаты 15.9 трлн сумга же $1.9 млрд жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкы белгиледи.
Улуттук валютада аманат салгандардын саны 10.3% көбөйүп, чет элдик валютадагы аманаттар 4.7%. Жалпы өзбекстандык жарандардын банктарга салган аманатттарынын көлөмү 62% жогорулаган.
2015-жылы аманаттардын жалпы көлөмү 6.9 трлн сум болсо, анда улуттук валютадагы каражаттар 77% түзгөн. 2017-жылы өлкөдө валюталык реформа жүрүп, доллар менен евронун курсун рынокко теңдөө жасалып, анын жыйынтыгында сум менен салынган аманаттардын үлүшү 53% кыскарып, ал эми чет элдик валютадагы каражаттар 47% жогорулаган.
Өзбекстандын Борбордук банкынын маалыматы боюнча былтыр банктар тарткан депозиттердин көлөмү 70 трлн сум же $8.4 млрд болгон. Ушул эле маалда аманатчылардын чеги 14.7 трлн сумга жетип же $1.7 млрд болгон. 2018-жылдагы банктардагы кредиттик портфель $20 млрд болуп, былтыркыга караганда 51% жогорулаган.