2018 – жылы Кыргызстанга 7 млн. чет элдиктер келген. Алардын ичинен 1.4 млн. жаран эс алганы келишкен. Бул маалыматты КР Улуттук статистика комитети билдирет.
Туристтерди эс алуу учурунда 486 мекеме кызмат кылган: 194 мейманкана, 64 туристтик фирма, 9 жаратылыш паркы жана башка 30 турист тоскон объектилер. Туризм жаатында иштеген кызматкерлердин орточо эмгек акысы 10.9 миң сомду түзгөн.
Кыргызстанга эң көп – Өзбекстан мамлекетинен – 48%, Казакстандан – 38% жана Орусиядан – 7% жарандар келген. 2017 – жылы Казакстан республикасынан келген туристтер 60% түзгөн.