Өткөн жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 2 млрд 756,2 млн доллар которгон. Мындай маалыматты Улуттук банктан билдиришти.
Которулган акчанын 97,6%ы – Орусиядан келген. Ошону менен бирге мигранттар өлкөгө эң көп сумманы июнь жана сентябрь айларында которгон, тиешелүүлүгүнө жараша 266,9 млн доллар жана 295,5 млн доллар.
Кошумчалай кетсек, өлкөгө 2 млрд 377 млн доллар жөнөтүлгөн 2020-жылга салыштырмалуу өсүш 15,95% түзгөн.