Быйыл дан эгиндеринин дүң жыйымы дээрлик эки эсеге кыскарды

13.12.2021, 09:46 Акчабар
Быйыл дан эгиндеринин дүң жыйымы дээрлик эки эсеге кыскарды

Республикада дан эгиндерин чаап-жыйноо аяктады. 23-ноябрга карата 577 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналды. Чабылган аянттан 1 миллион 400 миң тонна эгин бастырылды, же 29% аз, деп жазды Улуттук статистикалык комитет

"Быйыл жайкы температуранын нормадан жогору болушу жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздиги дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келди. Алсак, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу буудайдын дүң жыйымы 42%га, арпаныкы 46%га азайган", — деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.

Мындан тышкары, май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы – 25,4%, кант кызылчасы – 19%, дарбыз – 14%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 3,9%, дан үчүн жүгөрү – 3,3%, картошка – 2,9% жана жашылчалар — 1,3 процентке аз болду.

Тэги: урожай Кыргызстан зерновые уборка урожая

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу