Кыргызстандыктар 2023-жылы 16,2%га көп ипотекалык насыя алышкан

11.01.2024, 14:33 Акчабар
Кыргызстандыктар 2023-жылы 16,2%га көп ипотекалык насыя алышкан

2023-жылдын 11 айында Кыргызстандын коммерциялык банктары былтыркы көрсөткүчтөн 1,6 млрд сомго көп ипотекалык насыя беришти. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

2022-жылдын январь-ноябрь айларында берилген кредиттердин жалпы көлөмү 9,8 млрд сомду түзсө, 2023-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 16,2%га өсүү менен 11,4 млрд сомго жеткен.

Белгилеп кетсек, сентябрь айы берилген ипотека боюнча рекорддук ай болуп чыкты. Бул айда 1 млрд 551 миллион сомго ипотека берилген. 

Жалпысынан 2023-жылдын ноябрь айынын аягында кыргызстандыктар ипотека боюнча 29,7 млрд  сом карыз.

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана ипотека Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу