Кийинки жылы ЕӨБ Кыргызстандагы үч секторду каржылайт

14.12.2023, 10:54 Акчабар
Кийинки жылы ЕӨБ Кыргызстандагы үч секторду каржылайт

Евразия өнүктүрүү банкы 2024-жылы Кыргызстанда кандай долбоорлор пландалып жатканын айтып берди. Банктын пландары тууралуу мекеме жетекчисинин орун басары Денис Ильин жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, негизинен энергетикалык долбоорлор менен иштөө пландалууда.

"Азырынча талкуу стадиясында турган бир нече долбоорлор бар, негизинен жашыл энергетикалык долбоорлор. Эгерде биз банктын Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышуусу тууралуу айта турган болсок, анда биз эксперттер жана документтер менен көмөктөшүү, бирок кыйыр түрдө катышуу жөнүндө болуп жатат", - деди Денис Ильин.

Ал ошондой эле банк Бишкек мэриясына катуу таштандыларды кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууга жардам берүүнү пландаштырып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, банк Транспорт министрлиги менен активдүү иш алып барууда жана Өзгөн шаарындагы жолду реконструкциялоону көздөп жатат.

Тэги: новости Кыргызстана акции ЕАБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу