Бишкекте Биринчи май районунда экинчи балдар аянтчасы ачылды. Токтоналиев 44 дарегинде жайгашкан балдар аянтчасы менен бардык райондун жашоочулары колдоно алышат.
Балдар аянтчанын жалпы баасы 238 миң 117 сомду тузүп, жергиликтүү бюджеттен каралган. Курулуш иштерин тендерден утуп алган, Discoint компаниясы жүргүзгөн.
Ачылышта балдарды ата-энеси менен Биринчи май районунун башчысынын биринчи орун басары Адилет Малдыбаев жана №12 шаардык аймактын башчысы Айбек Абдиев тосуп алышты.
Жергиликтүү жашоочулардын балдар аянтчасын ачуу демилгесин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов колдогон.
Буга чейин, ушул сыяктуу балдар аянтчасы Октябрь районунда ачылган.