Бишкектеги кофеканаларда күйүүчү май мыйзамсыз сатылууда (жаңыртылды)

30.11.2021, 13:48 Акчабар
Бишкектеги кофеканаларда күйүүчү май мыйзамсыз сатылууда (жаңыртылды)

Борбор калаанын мэриясы күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча маалыматты расмий сайтына жарыялады. Көрсөтүлгөн маалыматтарга караганда, Бишкектин борборундагы эки кофе сатуучу жай унаа майын сатуу менен алектенген.

Бирок кийинчерээк белгилүү болгондой, муниципалитет туура эмес маалымат берген. Көчмө кофе сатуу пункттары, чынында эле, рейд учурунда Биринчи май райондук администрациясынын адистеринин көңүлүн бурган, бирок Эркиндик бульварында күйүүчү-майлоочу майларды сатуу үчүн эмес, стихиялуу кофе соодасы уюштурулгандыгы үчүн деп маалымдады муниципалитет.

Мындай башаламандык басма сөз кызматы эки башка мыйзам бузуулар тууралуу маалыматты түшүндүрбөстөн бир пресс-релизге бириктиргенинен улам келип чыккан.

Тэги: незаконная торговля мэрия Бишкека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу