Финансы полициясы Бирдиктүү эсепке кезектеги ачка которуу жасады. Бул жолу экономикалык кылмыштардан улам 20 млн 966 мин сом мамлекеттик казынага кайтарылды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепкекезектеги 8 миллион 633 миң 465 сом өлчөмүндө акча которду. Учурда Бирдиктүү эсепте 738 миллион 441 миң сом чогулган.
«Кызмат тарабынан казыналыктын региондук бөлүмдөрү (КРБ) аркылуу акча каражаттарын өндүрүү боюнча иштер активдүү уланып жатат. Ошентип, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн алкагында, ЭККМК тарабынан республиканын эң ири компанияларынын бири – “А.Т.” жабык акционердик коомго көрүлгөн чаралар менен казыналыктын органдары аркылуу жалпысуммасы 188 миллион сом салыктык карыз төлөнгөн. КРБ аркылуу өндүрүлгөн акча каражаттарынын жалпы суммасы 2019-жылдын өткөн мезгилинде - 1 миллиард 702 миллион сомду түздү», – деп билдирет финансы полициясы.