Ак-Талаа районунун бюджетинде 20,4 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

29.12.2023, 10:07 Акчабар
Ак-Талаа районунун бюджетинде 20,4 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгына карата Ак-Талаа районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, анын жыйынтыгында 20 млн 363,2 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши — 10,4 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү — 1124,3 миң сом;
  • Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу — 65,8 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар” — 44,7 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар — 559,0 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар — 53,9 мин сом;
  • мүлктү сактоонун камсыздалбашы — 11,7 миң сом;
  • бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуу — 5,5 миң сом;
  • эсептүүлүк жана отчеттуулук тартибинин башка бузуулары — 5,6 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар — 18482,3 миң сом.

Мындан тышкары, 18 (он сегиз) жол-жоболук бузуулар аныкталган.

"Аудиттин материалдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына отчет, аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Тэги: новости Кыргызстана деньги нарушения местные бюджеты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу