Жалал-Абадда тамеки заттарын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

25.05.2021, 16:10 Акчабар
Жалал-Абадда тамеки заттарын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тамеки заттарын акциздик маркасы жок мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Ошондой эле, лицензиясы жана уруксат кагаздары жок алкоголдук ичимдиктер сакталган кампаны табышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан ар кандай аталыштагы 16,3 миң таңгак 653 миң сомдон ашык тамеки буюмдары жана 23 миң сомдон ашык 690 бөтөлкө сыра мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.

Ишкерлерге карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Тэги: ГНС акциз рейд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу