Ала-Бука районунда чакан бизнес уюштурууга 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сертификаттарды мекеме жетекчисинин орун басары Жылдыз Полотова тапшырды.
Бул иш-чаранын негизги максаты - аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарт түзүү, аларды оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн жигердүү кадамдарга үндөө, эмгектик жана мүлктүк потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. Буга кошумча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өзүн-өзү иш менен камсыз кылуусу жана кошумча жумуш орундарын түзүү.
Тандалган долбоорлор мал чарбачылыгы, тигүүчүлүк, бал өндүрүү жана мөмө-жемиштерди кургатуу боюнча чакан бизнес багыттарын камтыйт.