ЕАЭБде убактылуу импорттолгон автоунаалардын мөөнөтү аяктайт

27.08.2021, 10:00 Акчабар
ЕАЭБде убактылуу импорттолгон автоунаалардын мөөнөтү аяктайт

Ушул жылдын 30-сентябрында ЕАЭБдин аймагында жарандар тарабынан COVID-19 пандемиясынын башталышына чейин убактылуу киргизилген автоунаалардын калуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан маалым болду. 

Чек аралар жабык болгон шартта, унааларды убактылуу ташып келген жарандар аларды реэкспорт боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында аткара алышкан эмес. Бул алар үчүн сөзсүз түрдө олуттуу материалдык чыгымдарга алып келет.

Буга байланыштуу, ЕЭК пандемия башталганга чейин бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн убактылуу алынып келинген жеке автоунааларды жана башка унааларды табуу шарттарын бир нече жолу узартты - адегенде 2020-жылдын 30-сентябрына чейин, андан кийин 2021-жылдын 31-мартына чейин мөөнөт узартылган.

Эгерде ушул жылдын 30-сентябрына чейин унаалар жана башка транспорт каражаттары чыгарылбаса, анда бажы алымдарын жана салыктарын толугу менен төлөшү керек болот.

 

 

Тэги: автомобили ЕАЭС ЕЭК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу