Бишкектеги "Глобус" гипермаркетинин филиалдарынын биринде бир кишиге 2 килограммдан ашык банан сатууга чектөө киргизилди. Анын баасы 199 сом.
“Акчабар” гипермаркет менен байланышып, экзотикалык мөмө-жемиштерди сатууга коюлган чектөөнүн себебин билди.
"Лимит банандын жетишсиздигинен улам киргизилген. Ал Эквадордон алынып келинет. Бул бир жумадан бери уланууда. Азыр биз жеткирүүлөрдүн качан мурунку көлөмүнө кайтып келерин айта албайбыз", - дейт "Глобустун" менеджери Алия Мурзабекова.