Клинкер чыгаруучу линияны курууга капсула салынды

20.03.2024, 17:37 Акчабар
Клинкер чыгаруучу линияны курууга капсула салынды

Кант шаарында “Кант цемент заводу” ААКсында кургак ыкма менен клинкерди чыгаруучу жаңы линияны курууга капсула салуу аземи өттү. 

“Кант цемент заводу” ААКсы суткасына 2 миң 500 тонна өндүрүштүк кубаттуулуктагы клинкерди кургак ыкма менен күйгүзүү боюнча жаңы заманбап технологиялык линияны курат. Линиянын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 800 миң тонна клинкерди түзөт.

Долбоор импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган өндүрүш болуп саналат жана тармактын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө оң таасирин тийгизет. Долбоордун алкагында 300 жаңы жумуш орундары пайда болот. Өндүрүштүк линияда алдыңкы технологиялар жана жогорку деңгээлдеги автоматташтыруу колдонулат, бул жогорку жана туруктуу сапаттагы өндүрүштү камсыз кылат.

Тэги: клинкер новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу