Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 3-майга карата ЕАЭБ мамлекеттериндеги күйүүчү-майлоочу майлардын орточо бааларын салыштырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, күйүүчү майдын эң төмөнкү баасы Казакстанда, ал эми эң жогоркусу Арменияда катталды. Эң арзан күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча Кыргызстан Казакстандан кийинки экинчи орунду ээледи.
Мамлекеттик монополияга каршы агенттик Кыргызстанда 2021-жылдын январь-апрель айларында ири мунай сатуучулардын май куюучу жайларында күйүүчү майдын чекене бааларынын 25% жана 37% га чейин жогорулоо тенденциясын көрсөтүп турат деп белгилейт. Бул Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дүң баасынын көтөрүлүшү менен байланыштуу.