Президент: Мыйзамсыз берилип кеткен  парк жерлери муниципалдык менчикке кайтарылат

13.01.2020, 14:30 Акчабар
Президент: Мыйзамсыз берилип кеткен  парк жерлери муниципалдык менчикке кайтарылат

«Мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири мыйзамсыз берилип кеткен парк жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу болуп саналат», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков, 10-январда Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан парк аймагына баруу учурунда.

Бул жакта А. Токомбаев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркынын жанына жалпы аянты 10,22 га болгон дагы бир жаңы парк жайгаштырылат.

Президент Совет мезгилинде Фрунзе шаары өзүнүн тазалыгы жана жашыл бак-шактары менен белгилүү болуп келгенин эске салып, эгемендик алган жылдар аралыгында шаар ичиндеги көптөгөн паркка ылайыктуу жерлер менчикке берилип, ар кандай турак жайлар курулуп калганын өкүнүү менен баса белгиледи.

Андан сырткары, өлкө башчы Инфраструктураны өстүрүү менен бирге парк аймактарын коргоого, шаар тургандарына жана конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө да көңүл бурулушу керек экендигин билдирди. Ошондуктан, мамлекеттик саясаттын багыттарынын бири мыйзамсыз берилип кеткен парк жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу болуп саналат.

 

Тэги: парковая зона земельная политика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу