Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, көмүрдүн сезону мезгил талабына байланыштуу кымбаттады.
[news 29922]
Учурда баалардын динамикасы республиканын айрым аймактарында көмүрдүн наркынын жогорулагандыгын көрсөтүүдө. Бул сезондук факторго байланыштуу, кыш мезгилинде керектөөчүлөрдүн суроо-талабы өсүп жатат. Мындан тышкары, көмүр кендеринен көмүр ташуу чыгымдары көбөйүүдө, деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, орто эсеп менен 1 тонна ташылып келинген көмүрдүн баасы жергиликтүү көмүрдүн баасынан 1,2% га гана ашат.
Мекеменин маалыматы боюнча, эң кымбат көмүр Баткен шаарында сатылып жатат.