КР 600 млн сомго жолдор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

15.11.2019, 17:00 Акчабар
КР 600 млн сомго жолдор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

2016 - 2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында 2019-жылдын башынан бери өлкө боюнча эл аралык транспорттук коридордун 374,7 чакырым жолу реабилитацияланды жана оңдоп-түздөөдөн өттү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнөн кабарлашты. 

Жол каттамдарын жакшыртуу жана өлкө аймактарындагы жол жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумуштар эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашууда.

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында жалпы көлөмү 600 млн сомго 140,0 чакырым жол жана райондордун борборлорундагы көчөлөрдүн жана жолдордун 113 объектиси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Муну менен катар аймактарды аралап жүрө турган автобустардын санын көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө.  Автобустук каттамдар менен камтуу боюнча эң жакшы көрсөткүч Чүй облусунда – 98,7%, эң төмөн көрсөткүч Нарын облусунда – 69,4%.

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикада кошумча 730 га жаңы сугат жерлери киргизилип, 1394 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатуу иштери жүргүзүлдү. Объекттерди куруу уланууда. Алар аяктаган соң 1541 га жаңы сугат жерлери киргизилип, 4327 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатылат.

Тэги: дороги и улицы республиканский бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу