Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Улуттук статистикалык комитеттин коллегиялык жыйын учурунда, 2022-жылы калкты каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү чечими кабыл алынган,- деп билдирди.
Ал кошумчалагандай, алдыдагы калкты жана турак жай фондун каттоо биринчи жолу каттоочулар тарабынан мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта өткөрүлөт
“Бул республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараны тийиштүү деңгээлде өткөрүшүбүз керек”, - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.
Кожошев калкты каттоону өткөрүү, статистиканы мындан ары өркүндөтүү, анын ичинде улуттук статистикалык системаны санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.