Экономика жана финансы министрлиги Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен биргеликте лицензиялар жана уруксат документтери жөнүндө толук маалыматты камтыган бирдиктүү портал иштеп чыгышты. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында жазылды.
Мындай порталды түзүүнүн максаты:
Бул порталда ишкерлер ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык уруксат документтери жана жол-жоболор жөнүндө маалыматтар камтылган.
Ошондой эле, порталда белгиленген тартипте уруксат кагаздарын берүү, мамлекеттик реестрлерге киргизүү, атайын укук берүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жыйымдарды чогултуу камтылган.
Кошумчалай кетсек, портал маалыматтык. Алдыда уруксат берүү жол-жобосун автоматташтыруу пландалууда.