Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстанда 34.4 млрд сомго тендердик сынактар өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.
Анын айтымында, өткөзүлгөн тендерлердин 42% атамекендик товарлар, кызматтар ээлейт.
«Муну менен катар атамекендик товарлар36.8% түздү, 2018-жылы бул көрсөткүч болгону 13.7% түзгөн. Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо саясаты жакынкы аралыкта товарлардын келип чыгышын, аларды өндүрүү же импорттоо учурунан баштап акыркы керектөөчүгө чейин издөө жана өлкөдөгү товарлардын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтууга алып келет», — деп кошумчалады Новиков.