Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан мыйзамсыз товар ташуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Бажы кызматы белгилеп кеткендей, «Кызыл-Кыя» өткөрүү пунктунда А.уулу А аттуу КР жарандыгынын башкаруусундагы «Вольво» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, текшерилген. Текшерүүдө тийиштүү документтери жок жалпы салмагы 12,1 тонна болгон ар кандай тиричилик техникалары, ич кийимдер жана тамак-аш азыктары аныкталган.
Товардын жалпы баасы 4.7 млн сомду түзөт.