ОсОО «КТ-Мобайлдын» директору болуп Мирлан Кубаталиев дайындалды. Бул тууралуу ОсОО «КТ-Мобайлдын» басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин бул кызматта Мураталы Жакыпбеков иштеген.
Мирлан Кубаталиев буга чейин ОсОО «КТ-Мобайлдын» коммерциялык департаментинин жетекчиси болуп эмгектенген.
Компания «Альфа Телеком» ААК менен биргеликте 2019 - жылдын август айынын ортосунда SALAM мобилдик байланышын түзгөн. Акциянын 100% ААК «Кыргызтелеком» ээлейт.