Өткөн аптада Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматы бир катар жаңы лицензияларды, ошондой эле кызыктыруучу лотереяларды өткөрүүгө уруксат берди.
Тактап айтканда, "ФэнЮэн Технологи Компани" ЖЧКсы майнинг боюнча сертификат алды. Белгилеп кетсек, компания 2023-жылдын 22-мартында кайра каттоо процедурасынан өттү Анын жетекчиси Эрнист Мамасабиров. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компанияга чет элдик катышуу жок.
Ошондой эле, "Капитал Сейф" ЖЧКсы инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча брокердик жана дилердик ишмердүүлүккө лицензия алган.
Мындан тышкары, кызыктыруучу лотереяларды өткөрүүгө "Бишкексүт" ААКсы, КЮЗ "Алтын" ЖЧКсы жана ИП.Казакбаев Данияр Амангелдиевич уруксат алышкан.