Кыргызстан пенсиялык реформа жүргүзгүсү келет

31.05.2021, 14:00 Акчабар
Кыргызстан пенсиялык реформа жүргүзгүсү келет

Жогорку Кеңештин депутаттары алтынга негизделген пенсиянын жаңы моделин сунуштоодо. Болбосо, 10 жылдын ичинде кыргызстандык пенсионерлерге таптакыр эч нерсе калбай калышы мүмкүн, дейт мыйзам долбоорунун авторлору. Документ буга чейин коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, үч пенсиялык фондду түзүү керек:

  • Камсыздандыруу фонду - бардык негиздер боюнча алган эмгек акынын 2% өлчөмүндө;
  • Негизги фонд - бардык негиздер боюнча алынган эмгек акынын 13% өлчөмүндө. Пенсиялык мыйзамдарда белгиленген эмгек стажы бар адамдарга пенсиянын мамлекет кепилдеген бөлүгү (эркектер үчүн - 25 жыл, аялдар үчүн - 20 жыл);
  • Топтоо фонду - бардык негиздер боюнча алынган эмгек акынын 13% өлчөмүндө. Ал жарандардын жеке пенсиялык эсебине чегерилет.

Бирок топтоо фонду узак мөөнөттүү салым болгондуктан, мыйзам долбоорунун авторлору инфляциядан коргоо максатында фонддун жарымын алтын менен, жарымын улуттук валюта менен түзүүнү сунушташат. Акыркы 100 жылда алтындын долларга салыштырмалуу дээрлик 100 эсе, кылымдын башынан бери болжол менен жети эсе кымбаттаганы белгиленди.

Учурда ар бир пенсионерге эки иштеген жаран туура келет. Эл аралык эмгек уюму бир пенсионердин кеминде үч төлөөчүсү болушу керек деп эсептейт.

Тэги: пенсии золото экономика реформы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу