Жыл ичинде айыл чарба жаныбарлары үчүн тоюттун бир бөлүгү орточо эсеп менен 25,91%га арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, саман менен чөптүн баасы төмөндөгөн. Былтыр 17-ноябрда бир таңгак самандын баасы 223,3 сом болсо, быйылкы жылдын ушул мезгилинде самандын баасы 144 сомду түзгөн. Ушул эле мезгилде бир таңгак чөп 344,2 сомдон 236,7 сомго арзандаган. Ошентип, баалар тиешелүүлүгүнө жараша 35,51% жана 31,23% төмөндөгөн.
Ал эми, кебектин баасы 12,77% арзандаган. Былтыр бир килограмм кебектин баасы 22,7 сомго бааланса, быйыл 19,8 сом болууда.
Курама тоют, тескерисинче, 26,3 сомдон 38,8 сомго кымбаттады. Баанын өсүшү 47,53% түздү.
Ошондой эле, дан тоютунун баасы былтыркыга салыштырмалуу өзгөргөн жок. Тоют дан, дан эгиндери орто эсеп менен 25,7 сом болууда.